Окуучулардын эмоционалдык интеллектин өнүктүрүү үчүн тарбиялык иштерди уюштуруу
##semicolon##
https://doi.org/10.56122/..v2i1(25).289##semicolon##
Эмоционалдык интеллект, эмпатия, социалдык көндүмдөр, сезимдерди башкаруу, психологиялык тренинг, театр элементтери, рефлексия, класстагы атмосфера.Аннотация
Бул макалада окуучулардын эмоционалдык интеллектин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана аны тарбиялык иштер аркылуу өркүндөтүү жолдору каралган. Эмоционалдык интеллект, бул өз сезимдерин түшүнүү, башкаруу жана башкалардын эмоцияларын кабыл алуу жөндөмү болуп, окуучулардын инсандык калыптанышына, коомго адаптация болушуна жана келечектеги ийгилигине чоң таасирин тийгизет.
Макалада эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү үчүн колдонулуучу негизги ыкмаларга токтолгон, анын ичинде психологиялык тренингдер, ролдук оюндар, көркөм адабият, театр элементтери жана рефлексиялык көнүгүүлөрдүн натыйжалуулугу баса белгиленет. Ошондой эле, окуучулар арасында достук атмосферасын түзүү, социалдык көндүмдөрдү өркүндөтүү, конфликттерди туура чечүүгө үйрөтүү жана топтук долбоорлор аркылуу кызматташтык маданиятын калыптандыруу маселелери каралат.
Эмоционалдык интеллектти калыптандырууда мугалимдердин, ата-энелердин жана коомдун биргелешкен аракеттери зарыл экени баса белгиленип, анын окуучулардын академиялык жетишкендиктерине, социалдык байланышты бекемдөөгө жана жашоодогу ийгиликтерине тийгизген оң таасири талкууланат.
##submission.citations##
Жумабаева Гүлайым Абдысаматовна- «Тарбиялык процессте окуучулардын көйгөйлөрүн чечүүгө карата класс жетекчилерге жардам» Бишкек – 2019
https://kix.taalimforum.kg/images/conference/conference-2022/brochure-kg.pdf
https://edu.gov.kg/media/kg2.pdf
https://arch.kyrlibnet.kg/uploads/NSUMOYUTOVA2023-2.pdf
https://ilim.oshmpu.kg/index.php/01/issue/view/14/24 [160-165]
https://ilim.oshmpu.kg/index.php/01/issue/view/14/24 [179-182]
https://ilim.oshmpu.kg/index.php/01/issue/view/20/40 [13-16]
##submission.downloads##
жарыяланган
##submission.howToCite##
Чыгаруу
Бөлүм
##submission.license##
##submission.copyrightStatement##
##submission.license.cc.by4.footer##This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.