ЖОМОКТОРДОГУ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИДЕЯЛАР ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯНЫН БЕРИЛИШИ

Авторлор

  • Заилова Жумагүл А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Абдибалиев Эмилбек А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Заилова Тураргуль Бото Нарматов атындагы орто мектеби

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i1(25).317

##semicolon##

балдар бакчасы, билим берүү, музыка, чыгармачылык, акыл-эс, таанып билүү, музыка, үн, мугалим ж.б.

Аннотация

Бул макалада башталгыч класста жомок, аңгемелердеги педагогикалык идеяларды жана экологиялык тарбиянын берилишин С.Казыбаевдин “Адамдын пейили” жомогунун, С.Рысбаевдин “Үзүлбөй калган гүлдөр” чыгармасынын мисалында талдоого алдык. Азыркы коом дүйнөдөгү оор экологиялык кырдаал менен мүнөздөлөт. Экологиялык маселелер ар кандай деңгээлде каралып, дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу боюнча түрдүү чаралар көрүлүүдө. Ал эми ушуга байланыштуу азыркы педагогиканын актуалдуу милдеттеринин бири экологиялык маданиятты калыптандыруу болуп саналат. Демек, балдарга экологиялык тарбияны жана алардын ар тараптан өнүгүүсүнө жомоктордун да орду бар экенин көрсөттүк. Жомоктор балдардын инсандык сапаттарын, баарлашуу жөндөмдөрүн, адеп-ахлактык баалуулуктарды, табият менен таттуу мамилесин калыптандырууда маанилүү роль ойнойт. Жомоктордун экологиялык тарбия берүүдөгү маанисин жана алардын балдарга табиятты сүйүү жана аны сактоо жөнүндөгү түшүнүктөрдү берүүдө кандай роль ойногону, педагогикалык таасири көрсөтүлдү.  Балдарга токойлордун жер бетиндеги жашоого кандайча жардам берип жатканын түшүндүрүп, аларда табиятка болгон сый мамилени калыптандыруу жана бак-дарактарды кыюу өсүмдүктөр жана жаныбарларга гана эмес, адамдарга да олуттуу коркунучтуу экенин түшүндүрүүнүн  маанилүүгү  “Адамдын пейили” чыгармасы аркылуу сүрөттөлдү.

##submission.citations##

Койнова- Цёльнер Ю.В., Башталгыч мектепте активдүү окутуунун педагогикалык технологиялары

Шербаева, Ж. Р. "Жомок" жана "адабий жомок" түшүнүктөрүнүн теориялык анализи / Ж. Р. Шербаева, Э. А. Абдибалиев // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. – 2021. – No. 9. – P. 282-286. – EDN

Рысбаев С.К. ж. б. Адабий окуу: Кыргыз мектептеринин 4-класстары үчүн окуу китеби./ С. К. Рысбаев, К. Ибраимова, Б. А. Абдухамидова, – Б.: 2015. – 168 б., сүрөт.

Абдухамидова Б.А. ж. б. А13 Адабий окуу: 3-класс үчүн окуу китеби. – Б.: Полиграфбумресурсы, 2014. ‒ 184 б.,

Интернет булагы. https://kyrgyz-audio.com/kyrgyz-el-zhomoktoru/

Заилова, Ж. Ж. Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык түшүнүктөрүн калыптандырууда окуп түшүнүү көндүмүнүн ролу / Ж. Ж. Заилова // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. – 2023. – No. 3. – P. 156-159. – DOI 10.26104/NNTIK.2023.94.64.032. – EDN VPLBIB.

Жалилова, С. Б. Кенже мектеп окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууда элдик кенч-казыналарынын тийгизген таасири / С. Б. Жалилова // Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А. Мырсабекова. – 2024. – Vol. 2, No. 2(24). – P. 102-106. – DOI 10.56122/..v2i2.217. – EDN ZVYCFT.

жарыяланган

2025-05-13