ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА ЧЕТ ТИЛИН ОКУТУУДА САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН РОЛУ ЖАНА ОРДУ

Авторлор

  • Гапарова Гулаим Икрамовна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i1(25).322

##semicolon##

Санариптик технологиялар, инновациялык метод, онлайн платформалар, жасалма интеллект, маданият, коммуникация.

Аннотация

 Заманбап билим берүү чөйрөсүндө санариптик технологиялар окутуунун ажырагыс бөлүгунө айланып, алардын ролу улам кеңейип бара жатат. Бул макалада жогорку билим берүү системасында чет тилин окутууда санариптик технологиялардын ролу жана орду талданат. Санариптик технологиялар билим берүүнү интерактивдүү, жеткиликтүү жана натыйжалуу болууга өбөлгө түзүп, студенттердин тилдик компетенцияларын өркүндөтүүгө чон жардам берет. Макалада чет тилдерди үйрөтүүдө колдонулган негизги санариптик куралдар жана платформалар, алардын артыкчылыктары жана практикалык колдонуу жолдору каралат. Атап айтканда, онлайн окутуу платформалары, мобилдик тиркемелер, жасалма интеллект жана виртуалдык  кошумча реалдуулук технологияларынын тил үйрөнүүгө тийгизген таасири талдоого алынат. Ошондой эле, бул технологияларды ишке ашырууда кездешкен негизги тоскоолдуктар жана аларды чечүү жолдору көрсөтүлөт. Изилдөөнүн негизинде жогорку окуу жайларында чет тилдерди окутууда санариптик технологияларды натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык сунуштар берилет. Бул макалада тил үйрөтүү процессинде санариптик технологияларды ийгиликтүү  интеграциялоону көздөгөн окутуучулар, изилдөөчүлөр жана билим берүү адистери үчүн маанилүү булак болуп саналат. 

##submission.citations##

ОшМПУнун жарчысы №

Окутуунун инновациялык технологиялары №23, 2024

Т.А.Дмитренко современные технологии обучения иностранного языку в системе высшего образования: учебное пособие М.,2022

Ө.Саалаев, Окутуу усулдары Бишкек 2024

Вестник Иссык-Кульского университета, ISSN 1561-9516, 58/2024.

А.Муратов К.Акматов Окутуунун жаңы технологиялары

жарыяланган

2025-05-13