Башталгыч мектепте эмоционалдык интеллект – бул академиялык ийгиликтин ачкычы.
##semicolon##
https://doi.org/10.56122/..v1i1(25).361##semicolon##
начальная школа, эмоциональный интеллект, академический успех, здоровые отношения.Аннотация
Бул изилдөөнүн негизги максаты башталгыч мектепте эмоционалдык интелектин ролун аныктап, башталгыч мектеп окуучуларынын окууга болгон мамилесине эмоционалдык интеллектин тийгизген таасирин аныктоо болуп саналат. Эмоционалдык интеллект – бул адамдын жеке өзүнүн жана айланасындагы адамдардын сезимдерин таануусу, өзүнө ишене билүүсү, өзүн башка бир адамдын ордуна коюп көрүүсү, ар кандай кырдаалда болгон окуяларды түшүнүү менен кабыл алуусу, сабырдуу болуусу, токтоо болуусу, башкалардын дене кыймылдарына, жада калса үн тонуна сезимтал болушу, ар кандай жагдайда өзүн өзү шыктандыра билүүсү жана жеке өзүнүн каалоолорун башкара билүү жөндөмү болуп эсептелинет. Ошол себептен эмоционалдык интеллекти жогору болгон адамдар жаңыланууларга жана өзгөрүүлөргө ачык, аракетчил, өзүнө ишенген, чечкиндүү, башка адамдар менен тил табышууга жана терс кырдаалда туура жооп берүүгө жөндөмдүү болушат. Менин изилдөөмдө эмоционалдык интеллектин башталгыч мектеп жашоосундагы орду толук изилденип, окуучулар менен болгон байланышы каралган. Изилдөөдө берилген маалыматтар тармактык изилдөө аркылуу топтолуп, алынган маалыматтарга таянып, билим берүүдөгү эмоционалдык интеллектин орду каралды.
##submission.citations##
Големан Д. “Эмоционалдык интеллект: Эмне үчүн ал IQден маанилүү?” Москва: ACT Пресс, 1995.
Выготский Л.С. “Психологиялык өнүгүү жана билим берүү.” Москва: Педагогика, 1986.
Хендри Вайзингер “иш чөйрөсүндөгү эмоционалдык интеллект.” Нью-Йорк , 1998.
Питер Саловей “Emotional Development and Emotional Intelligense: Educational Implications” Нью-Йорк, 1997.
Эльконин Д.Б. “Окуучулардын психологиялык өзгөчөлүктөрү жана билим берүү.” Москва: Просвещение, 1974.4. Маклеод, Б. “Эмоцияларды башкаруу жана социалдык интеллект.” Лондон: Routledge, 2012.
Коломиец Л.В. “Башталгыч мектепте адабий окуу сабагынын методологиясы.” Киев: Освита, 2013.
Смайылов Т. “Кыргыз элинин фольклору жана эмоционалдык тарбия.” Ош: Нуска, 2020.
Хекман Д. “Социалдык жана эмоционалдык көндүмдөр: Бала өнүгүүсүнө таасири.” Женева: ЮНИСЕФ, 2017.
Рэувен Бар-Он “The Bar-On Model of Emotional-Social Intelligence” Нью-Йорк, 1997.
##submission.downloads##
жарыяланган
##submission.howToCite##
Чыгаруу
Бөлүм
##submission.license##
##submission.copyrightStatement##
##submission.license.cc.by4.footer##This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.