ОШ ШААРЫНДАГЫ КОСМОНАВТАР СКВЕРИНДЕГИ ДАРАКТАРДЫН ЖАНА БАДАЛДАРДЫН ТҮРДҮК КУРАМЫ

Авторлор

  • Равшанбек Абсатаров
  • Арынбаев Эралы Калилович А. Мырсабеков атындагы ош Мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i1(25).364

##semicolon##

Ош шаары, Космонавтар сквери, жашоо абалы, дарактар, бадалдар

Аннотация

Скверлер шаарлардын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берген шаардык инфраструктуранын маанилүү элементтери болуп саналат. Мындай аймактардагы дарак жана бадал өсүмдүктөрү эстетикалык жактан гана эмес, экологиялык жактан да негизги ролду ойнойт. Дарак жана бадал өсүмдүктөрдүн ассортиментин туура тандоо жана алардын абалы биодинамикага, микроклиматка жана шаар чөйрөсүнүн жалпы экологиялык саламаттыгына таасирин тийгизет. Дарак жана бадал өсүмдүктөрүнүн ассортиментин туура тандоо жана аларга кам көрүү сквердин экологиялык абалын аныктоочу негизги факторлор болуп саналат. Өсүмдүктөрдүн айлана-чөйрө менен өз ара байланышын түшүнүү жана жашыл аймактарга кам көрүү шаардык чөйрөдө адам баласы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет. Интенсивдүү жашылдандыруу экологиялык абалды гана жакшыртпастан, шаар тургундарынын жашоо сапатын да жакшыртат.

Изилдөөнүн максаты Ош шаарындагы Космонавтар скверинин  аймагында өскөн дарактар ​​жана бадалдардын түрдүк курамы аныктоо жана алардын жашоо абалына баалоо болду.

Дарак жана бадал түрлөрүн аныктоо үчүн аныктагычтар пайдаланылды, жыйынтыгы боюнча 11тукумга, 13 урууга кирген 14 түрдөгү дарак жана бадал аныкталып, “Шаардык жашыл аянттарды инвентаризациялоо” ыкмасына ылайык алардын жашоо абалына баа берилди.

##submission.citations##

Абсатаров Р.Р., Мамасадык уулу А. Влияние городских зелёных зон на здоровье горожан: обзор // Экология человека. - 2024. - Т. 31. - №2. - C. 95-106. doi: 10.17816/humeco632133

Чепик Ф.А. Определитель деревьев и кустарников.М.: Агропромиздат, 1985. – 231 с

Ванин А.И. Определитель деревьев и кустарников. М.: Лесная промышленность, 1967. – 241 с

Плантариум. Растения и лишайники России и сопредельных стран: открытый онлайн атлас и определитель растений. Режим доступа: https://www.plantarium.ru/page/find.html.

Plants of the World Online. Режим доступа: https://powo.science.kew.org/

МЕТОДИКА ИНВЕНТАРИЗАЦИИ ГОРОДСКИХ ЗЕЛЕНЫХ НАСАЖДЕНИЙ Москва, 1997 г

жарыяланган

2025-05-13

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##