Башталгыч класстарда кошуу жана кемитүү амалдарын окутууда электрондук платформаларды колдонуу методикасы

Авторлор

  • Ташматова Вилюра Абдиллакимовна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Кабылова Света Амантуровна Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.445

##semicolon##

математика, платформа, санарип, визуалдуу, электрондук, изилдөө, талдоо, Toy Theater, Math Playground.

Аннотация

Макалада, башталгыч класстардын математика сабагында кошуу жана кемитүү амалдарын үйрөтүүдө электрондук платформаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, окуучулардын билимин өздөштүрүүгө алардын тийгизген таасири каралган.

Изилдөөнүн негизги максаты – башталгыч класстардын математика сабагында кошуу жана кемитүү амалдарын окутууда Toy Theater жана Math Playground сыяктуу электрондук платформаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана алардын натыйжалуулугун талдоо.

Изилдөөдө методикалык адабияттарды (И. Б. Бекбоев, М. А. Бантова ж.б) анализдөө, электрондук платформалардын мазмунун жана иштөө принциптерин салыштыруу, ошондой эле аларды практикада колдонуу тажрыйбасын байкоо ыкмалары пайдаланылды.

Изилдөөнүн жүрүшүндө электрондук платформаларды студенттер практика учурунда сабак өтүүдө окуучуларга колдонуп, бул платформалар визуалдуу, оюн түрүндө болгондуктан, аларды колдонуу менен материалды түшүндүрүү жеңил болоорун айтышты. Ошондой эле окуучулар кызыгуу менен сабакка абдан активдүү катышкандыгын белгилешти.

Макалада сунушталган усулдар башталгыч класстын мугалимдерине сабакты заманбап талаптарга ылайык уюштурууга жардам берет. Ошондой эле электрондук ресуртарды колдонуу аркылуу билим сапатынын жогорулашына жана окууулардын активдүүлүгүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Келечекте электрондук платформалар үчүн кыргыз тилинде сапаттуу окуу материалдарын түзүү боюнча изилдөөлөрдү кеңейтүү, ошондой эле мугалимдерди, платформаларды эффективдүү колдонууга даярдоо маселелерине көңүл буруу сунушталат.

##submission.citations##

Бекбоев И. Б. Математиканы окутуу 1-4-класс [Текст] / Бекбоев И. Б , Аттокурова Ч. А. – Бишкек, 2016 – 188 б

Бантова М. А. Методика преподования математики в начальных классах [Текст] / Бантова М. А, Бельтюкова Г. В, Полевщикова А. М. –Москва, 1976. – 333 с

https://www.mathplayground.com/

https://toytheater.com/

Абдывасиева З. Математиканын башталгыч курсунун негиздери [Текст] / Абдывасиева З., Мамарасулова А., Аркалыкова Э., Малабеков Абдывасиева З. – Ош, 2025 – 448 б

жарыяланган

2025-10-23

##submission.howToCite##