ОРТО МЕКТЕПТЕ БАРАБАРСЫЗДЫКТАРДЫ ОКУТУУДА ИНТЕРАКТИВДҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ

Авторлор

  • Момунова Нурайым Дүйшөналиевна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Таалайбекова Динара Таалайбековна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.446

##semicolon##

билим берүү, жаңы технология, интерактивдүү онлайн тиркемелер, wordwall, барабарсыздыктар окутуу, мисал –маселелер.

Аннотация

Бул макала, мектеп математикасындагы  барабарсыздыктарды окутууда  окуучуларды  сабакка болгон  кызыгуусун арттыруунун жолдорун изилдөө максаттында жазылган. Орто мектепте барабарсыздыктарды окутууда интерактивдүү технологияларды колдонуу -билим берүү процесси үчүн заманбап жана эффективдүү метод болуп эсептелет. Окутуунун жаңы технологиясы катары: математиканы окутууда колдонулуучу онлайн тиркемелер, математика сабагында интерактивдүү панелди колдонуу үчүн мыкты математикалык программалар, математикалык маселелерди чечүүгө арналган эң ыңгайлуу Wordwall  тиркемеси жана башкалар практикаланууда. Бул окутуунун жаңы технологиялары окуучулардын чыгармачыл жана интелектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу аларды өзүн- өзү өнүктүрүү, ой жүгүртүүсүн өстүрүү, тарбиялоо билгичтиктерин жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу максаттарын көздөп, окутуу технологиясынын мазмунун жана багыттарын бир топ оптималдаштырып жаңыртты. Ошондуктан окутуунун жаңы технологиялык  стратегияларынын ар бири тийиштүү даражадагы айкын максаттарга жетишүүнүн куралы болуп саналат.   Бул процессте окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жана алардын математикалык логикасын,  аналитикалык ой-жүгүртүүсүн жакшырта алышат. Интерактивдүү технологияларды колдонуу менен орто мектептин математикасындагы барабарсыздыктарды окутууда окучуларга сабак  кызыктуу жана эффективдүү кылып берүү менен билим берүү сапаттын жогорулатууга болоорун көрсөтүүгө болот.

##submission.citations##

Байзаков А., Саадабаев А., Ыбыкеева Ж. Алгебра 8-класс Бишкек: (2010)

Айтматов, А. “Интерактивдүү изилдөөнүн теориясы жана методдору”. Бишкек: Мектеп басмасы. (2018)

Артыков У.Ш. Интерактивдүү методдордун теориялык негиздери, мультиурок. (2020).

https://yandex.ru/search/?clid=2413868-193&win=527&from=chromesearch&text=wordwall.&lr=10310

жарыяланган

2025-10-23