БОЛОЧОК ИНФОРМАТИКА МУГАЛИМИНИН ФУНКЦИОНАЛДЫК САБАТТУУЛУГУН КАЛЫПТАНДЫРУУ
##semicolon##
https://doi.org/10.56122/..v2i2%20(26).450##semicolon##
Функционалдык сабаттуулук, программалоо, математикалык жана логикалык ой жүгүртүү, чыгармачылык, санариптик сабаттуулук, информатика мугалими, PISA изилдөөлөрү, критикалык ой жүгүртүү, долбоордук окутууАннотация
XXI кылымда билим берүүнүн негизги максаттарынын бири – функционалдык сабаттуу, чыгармачыл ой жүгүрткөн жана санариптик коомдун шарттарына ыңгайлаша алган адистерди даярдоо болуп саналат. Макалада функционалдык сабаттуулуктун теориялык негиздери жана анын билим берүү процессиндеги мааниси талданат. Эл аралык деңгээлдеги (PISA) жана улуттук деңгээлдеги изилдөөлөргө таянып, функционалдык сабаттуулуктун окуу, математикалык, жаратылыш таануу, финансылык жана санариптик багыттары каралат. Болочок информатика мугалимдеринде функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу маселеси өзгөчө басым жасалган. Автор программалоону үйрөтүүдө турмуштук маселелерди чечүү, долбоордук иш, алгоритмдик ой жүгүртүүнү өрчүтүү, санариптик сабаттуулукту жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү сыяктуу багыттардын ролун мисалдар аркылуу ачып берген. Макалада Python тилинде үй-бүлөлүк бюджетти эсептөө боюнча практикалык тапшырма сунушталып, анын студенттердин финансылык, санариптик жана критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн калыптандыруудагы натыйжалуулугу көрсөтүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу билим берүүнүн мазмунун модернизациялоого, окутуунун практикага багытталышын камсыз кылууга жана студенттерди XXI кылымдын социалдык-экономикалык чакырыктарына даярдоого өбөлгө түзөрү белгиленет.
##submission.citations##
Липова Н.И. Общая функциональная грамотность. Виды функциональной грамотности. Научно-методические и практические аспекты интеграционных процессов в науке и технике. Ижевск, 25 октября 2022 года
OECD. PISA 2022 Assessment and Analytical Framework: Mathematics, Reading, Science, Financial Literacy and Creative Thinking. – Paris: OECD Publishing, 2022.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясы. – Бишкек, 2020.
Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021–2030- жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы. Бишкек-2021
Аванова Ж. А. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүү маселелери / Ж.А. Аванова, К.Ж. Жумабай // Вестник Жалал-Абадского государственного университета. – Жалал-Абад, 2022. – № 4 (53). – С. 72-76.
Калдыбаев С.К. Кенже окуучулардын математикалык функционалдык сабаттуулуктарын маселелерди чыгаруу аркылуу калыптандыруу / С.К. Калдыбаев, Ч.А. Аттокурова // Alatoo Academic Studies. – Бишкек, 2023. – № 4. – С. 109-116.
Арынбаев Э.К., Калдыбаев С.К. Информатиканы функционалдык сабаттуулука багыттап окутуунун зарылдыгы. Ala Too Academic Studies. 2025. № 2
Полат Е.С. Современные педагогические технологии. – Москва: Академия, 2019.
Н.В. Софронова, А.А. Бельчусова Теория и методика преподавания информатики. – Москва: Юрайт, 2021.
https://kutbilim.kg/analytics/inner/stem-orto-bilim-ber-d-n-bashtalyshy-kerekpi/
##submission.downloads##
жарыяланган
##submission.howToCite##
Чыгаруу
Бөлүм
##submission.license##
##submission.copyrightStatement##
##submission.license.cc.by4.footer##This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





