БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАГЫ БАЛДАРДЫН КЕБИН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЖАҢЫЛМАЧТАРДЫ ОКУТУУНУН МААНИСИ

Авторлор

  • Тогузакова Батма Шерматовна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v1i2.472

##semicolon##

Жаңылмачтар, башталгыч класс, эл, оозеки чыгармачылык, билим, бала, дидактика, тил, кеп, өнүгүү, активдүү, мамиле, сөз байлык, тарбия, окутуу, логика.

Аннотация

Бул макалада башталгыч класстын окуучуларынын кебин өнүктүрүүдө жаңылмачтарды окутуунун мааниси каралат. Жаңылмачтар -элдик оозеки чыгармалардын бир түрү катары, тил үйрөнүүдөгү маанилүү дидактикалык курал болуп саналат. Алар баланын сөз байлыгын кеңейтүүгө, туура, так жана эркин сүйлөөгө үйрөтүүгө көмөкчү болот. Макалада жаңылмачтардын дидактикалык жана тарбиялык функциялары, аларды сабакта колдонуу усулдары, окуучунун тилдик өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу сөз болот. Мындан тышкары, жаңылмачтарды кыргыз тили, адабият жана тарбиялык иш-чараларда пайдалануунун практикалык мисалдары берилет. Изилдөөдө жаңылмачтар окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, көңүл буруу жөндөмүн жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүдө натыйжалуу экендиги белгиленет. Жыйынтыгында, жаңылмачтарды башталгыч билим берүүдө активдүү колдонуу – баланын кебин өнүктүрүүдөгү натыйжалуу ыкмалардын бири экени баса белгиленет.

##submission.citations##

. Кыргыз элдик оозеки чыгармалар жыйнагы – Бишкек: 2010

Сатыбалдиева Т. «Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы» – Бишкек, 2015

Ибраимова А. «Балдардын кебин өнүктүрүүдө элдик чыгармачылыктын ролу» – Илим, 2020

Кыргыз Республикасынын Билим берүү стандарттары жана 1–4-класстар үчүн методикалык колдонмолор

Башталгыч класстардын программалары. -Б.,2000,

Выготский, Л. С. (1998) Мышление и речь: Избранные психологические исследования– Москва

жарыяланган

2025-10-23

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##