12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЗАМАНБАП ОКУТУУНУН УСУЛДАРЫН ПАЙДАЛАНУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
##semicolon##
https://doi.org/10.56122/..v1i2.473##semicolon##
билим берүү системасы, модел, модернизациялоо, стратегиялык багыт, ой жүгүртү, интеграция, инновациялык усулдар.Аннотация
Бул макалада Кыргызстандын Билим берүү системасындагы жаңылануунун негизги багыттарынын бири катары 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселеси талдоого алынат. Азыркы шартта билим берүүнүн мазмунун, структурасын жана окутуу усулдарын жаңылоо коомдук-экономикалык өнүгүүнүн башкы талабы болуп саналат. 12 жылдык билим берүү модели окуучунун жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен билимди тереңдетип, дүйнөлүк тажрыйбага шайкеш келтирүүнү көздөйт. Авторлор макалада окутуунун салттуу жана инновациялык усулдарын салыштырып, алардын артыкчылыктарына токтолот. Айрыкча, интерактивдүү методдорду, долбоордук ишмердүүлүктү, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүчү жана практикалык багыттагы усулдарды колдонуу билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленет.
Мындан тышкары, макалада аталган билим берүү системасынын артыкчылыктары катары окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүнүн ачылышы, өз алдынча билим алууга кызыгуусунун өсүшү, социалдык көндүмдөрүнүн калыптанышы жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланышы көрсөтүлөт. Натыйжада, 12 жылдык билим берүүдө окутуу усулдарын өзгөртүү билим сапатын жогорулатууга, компетенттүү адистерди даярдоого жана өлкөнүн билим берүү системасын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруусуна шарт түзөт деген тыянак жасалат.
##submission.citations##
жылдык билим берүүгө көчүү боюнча экспресс-маалымдама. 12 жылдык билим берүүгө көчүү. Эң маанилүү 100 суроого жооп. Бишкек, 2025.- 2-9.б
Выготский, Л.С. Воображение и творчество в детском возрасте. Москва: Педагогика. 1984.- 147 б.
Айтматова Г. Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүнүн мазмундук өзгөчөлүктөрү. Бишкек: «Илим».
Ибраимов Г. Билим берүү системасын жаңылоо жолдору. Ош, 2019. ОшМУ басмасы
Сайдилканов О., Шаматов Д. Өнүгүүнүн өзөгү-мугалим.Ош-2025.- 178.б.
##submission.downloads##
жарыяланган
##submission.howToCite##
Чыгаруу
Бөлүм
##submission.license##
##submission.copyrightStatement##
##submission.license.cc.by4.footer##This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





