Чыңгыз Айтматовдогу балалыктын этномаданий бейнесин ачууда класстан тышкаркы иштерди уюштуруу

Авторы

  • Акылай Наркеева А.Мырсабеков атындагы, Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.56122/..v1i1.579

Ключевые слова:

рухий адептик баалуулуктар, патриоту кдөөлөттөр, тарбиялоо идеалдары, инсандын дүйнө таанымы, этномаданий компетенция

Аннотация

Бул макалада Чыңгыз Айтматовдун «Балалыгым» чыгармасынын негизинде балалыктын этномаданий бейнеси илимий-педагогикалык өңүттө талдоого алынат. Изилдөөнүн негизги максаты – кыргыз адабияты сабагында класстан тышкаркы иштерди уюштурууда жазуучунун чыгармаларын натыйжалуу пайдалануу аркылуу окуучулардын рухий-адептик дүйнөсүн байытуу жана этномаданий компетенциясын калыптандыруунун жолдорун аныктоо болуп саналат. Макалада бала тарбиясынын негизги булагы катары үй-бүлөнүн ролу, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиленин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле кыргыз элине мүнөздүү салт-санаалардын жана баалуулуктардын мааниси кеңири каралат. Айтматовдун чыгармаларындагы балдар образдары аркылуу адамгерчилик, боорукерлик, жоопкерчилик жана мекенчилдик сыяктуу сапаттарды тарбиялоонун мүмкүнчүлүктөрү негизделет. Ошондой эле класстан тышкаркы иштердин түрлөрү – адабий талкуу, сахналаштыруу, рольдук оюндар жана чыгармачылык тапшырмалар аркылуу окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, өз алдынча пикир айтууга үйрөтүү маселелери да чагылдырылат. Макаланын жыйынтыгында Айтматовдун чыгармалары жаш муунду тарбиялоодо баа жеткис руханий булак экендиги белгиленет.

Библиографические ссылки

Чыңгыз Айтматов Ч. Чыг. 8 томд. жыйнагы, 5-том, «Балалыгым». – Б.: 2008. – 422-б.

Чыңгыз Айтматов Ч. Чыг. 8 томд. 8-том. – Б.: 2008. – 513-б.

Советбек Байгазиев С. Педагогикалык руханият. – Б.: 2008. – 18-б.

Советбек Байгазиев С. «Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо» концепциясы. – Кут Билим. – Б.: 2013, 24-май.

Абдылдажан Акматалиев А. Чыңгыз Айтматов. – Б.: Бийиктик, 2008. – 564-б.

Асылбек Алимбеков А. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын көркөм педагогикалык концепциясы. – Б.: 2009.

Асылбек Алимбеков А. Айтматовдун педагогикалык ааламы. – Б.: 2009.

А.Муратов А. Чыңгыз Айтматов – жазуучу-этнопедагог. – Б.: 2006. – 10–11, 21, 27-б.

Людмила Үкүбаева Л. Чыңгыз Айтматов жана кыргыз адабияты. – Б.: Турар, 2012. – 60–61-б.

Опубликован

2026-05-15

Как цитировать

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##