ШААРДЫК ЭКОСИСТЕМАЛАРДЫ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ФЛОРАНЫН ЖАНА ДАРЫ ӨСҮМДҮКТӨРДҮН МААНИСИ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v1i2.637Аннотация
Глобалдык климаттык өзгөрүүлөр жана тездик менен жүрүп жаткан урбанизация шартында шаардык экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана алардын адаптациялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул макалада Түштүк Кыргызстандын шаардык аймактарын (урбоэкосистемаларын) жашылдандырууда интродуцияланган экзотикалык түрлөргө караганда жергиликтүү, эндемикалык жана дары өсүмдүктөрдүн ресурстук потенциалын пайдалануунун илимий-практикалык негиздери талданат. Изилдөөдө жергиликтүү флора өкүлдөрүнүн кургакчылыкка, аномалдуу жогорку температурага, топурактын шорлонуусуна жана шаардык стресстик факторлорго чыдамдуулугу комплекстүү изилденген. Атап айтканда, Ephedra equisetina Bunge, Ziziphora, Althaea officinalis сыяктуу жергиликтүү дары жана фитонциддик өсүмдүктөрдүн шаардык микроклиматты чыңдоо, абадагы микроорганизмдерди азайтуу, топурак эрозиясын токтотуу жана биоар түрдүүлүктү сактоодогу эколог-санитардык ролу негизделген. Макалада этноботаникалык билимдерди урбоэкологиялык ландшафттык дизайнга интеграциялоо, эндемик өсүмдүктөрдөн фито-композицияларды түзүү жана жогорку окуу жайлардын катышуусунда «жашыл көндүмдөрдү» (Green Skills) өнүктүрүү боюнча сунуштар берилди.
Библиографические ссылки
Долонова Г.М., Розикова Н.О. Абаны булгоочу кээ бир факторлорду талдоо // Сартбаевдик окуулар – 2024 / «Заманбап башталгыч билим берүү: тажрыйбалар жана келечеги. — Ош: ОшМПУ, 2024. — № 2. — Б. 134-138.
Долонова Г.М. Түштүк кыргыздарынын салттуу билимдеринде колдонулган өсүмдүктөрдү этноботаникалык изилдөө: Биол. илим. канд. дисс. автореф. – Бишкек, 2022. – 26 б.
Илиязов Ж.И., Токтобаева С.С. Шаардык экосистемалардын урбоэкологиялык абалы жана жашыл зоналарды оптималдаштыруу. // Илим жана инновация. – 2024. – №3. – Б. 45–52.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө: 2026-жылдын 19-майындагы № 70 // Эркин Тоо. – 2026.
Nowak D.J., Greenfield E.J. Tree and impenetrable cover change in U.S. urban areas. // Urban Forestry & Urban Greening. – 2018. – Vol. 32. – P. 15–30.
Turner M.D., Ethnobotanical knowledge and urban green infrastructure adaptation to climate change. // Environmental Science & Policy. – 2021. – Vol. 115. – P. 88–96.
Загрузки
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2026 Bulletin of the Osh State Pedagogical University named after A. Myrsabekova

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





