«БОЛОЧОК БАШТАЛГЫЧ КЛАСС МУГАЛИМДЕРИНИН ТЕХНОЛОГИЯЛЫК МАДАНИЯТЫ» ТҮШҮНҮГҮНҮН ӨНҮГҮШ ЭВОЛЮЦИЯСЫ

Авторлор

  • Маткасымова Минавар Осмоновна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2.231

##semicolon##

башталгыч класс, мугалим, технология, маданият.

Аннотация

Илимий түшүнүктөрдүн мазмунунун өзгөрүшү илимий ойдун өнүгүүсүн көрсөтүп, билимдердин жаңы багыттарын аныктоого өбөлгө түзөт. Бул эмгекте «Болочок башталгыч класс мугалимдеринин технологиялык маданиятын» калыптандыруу түшүнүгүнүн өнүгүү процессине талдоо жүргүзүлдү. Изилдөөдө бул түшүнүк кесиптик маданият → профессионалдык-педагогикалык маданият → технологиялык маданият катары каралды. Технологиялык маданият — бул мугалимдин окутуу технологияларын натыйжалуу колдонуу жөндөмүнөн, инсандык жана педагогикалык баалуулуктарды, жалпы маданий жана кесиптик компетенцияларды, өзүн-өзү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн камтыган интегративдик түшүнүк. Бул термин алгач В.А. Сластенин, В.А. Мищенко жана Н.Г. Руденко (1996) тарабынан колдонулуп, кийинчерээк Н.А. Максимова (2001) жана И.Ю. Башкирова (2004) тарабынан терең изилденген. С.Н. Манжеева (2003) болсо студенттерди технологиялык даярдоонун мазмунун тандоо талаптарын иштеп чыккан. Технологиялык маданият мугалимдин педагогикалык технологияларды колдонуу жөндөмүн гана эмес, чыгармачылык жана активдүү ишмердүүлүк аркылуу билим берүү чөйрөсүн түзүү жөндөмүн да камтыйт. Бул түшүнүк мугалимдин өзүн-өзү өнүктүрүү жана ишке ашыруу процессинин негизги элементи катары каралат.

##submission.citations##

Башкирова, И.Ю. (2004). Инновационные аспекты формирования профессиональной компетентности учителей. Москва: Наука.

Загвязинский, В. И. Педагогическое предвидение / В. И. Загвязинский — М.: Знание, 1987.

В. Кларин: «Педагогическая технология в учебном процессе: Анализ зарубежного опыта», издано в 1989 году в издательстве «Знание», г. Москва

Максимова, Н.А. (2001). Современные подходы к формированию технологической культуры педагогов. Санкт-Петербург: Лань.

Манжеева, С.Н. (2003). Содержание технологической подготовки студентов-будущих учителей начальных классов. Москва: Издательство МГУ

Сластенин, В.А., Мищенко, В.А., Руденко, Н.Г. (1996). Технологическая культура учителя как компонент профессиональной подготовки. Москва: Просвещение.

жарыяланган

2024-12-10