БАШТАЛГЫЧ КЛАССТА КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЛАР АРКЫЛУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ МУЛЬТИМЕДИЯ КАРАЖАТТАРЫН ПАЙДАЛАНУУ
##semicolon##
https://doi.org/10.56122/..v1i2.402##semicolon##
Экологиялык тарбия, башталгыч класстар, экологиялык аң-сезим, мультимедия каражаттары, көркөм чыгарма,интерактивдүү сабак ж.б.Аннотация
Макалада башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык аң-сезимин калыптандырууда көркөм чыгармаларды мультимедиа каражаттары менен айкалыштырып сабак өтүүнү карадык. Заманбап билим берүүдө бул ыкма окуучунун табиятка болгон мамилесин өзгөртүүгө, жаратылышты сүйүүгө жана сактоого үйрөтүүдө натыйжалуу экени белгиленди. 3-класстын окуу программасындагы Мидин Алыбаевдин “Коңур күз” ыры негизинде уюштурулган интерактивдүү сабак мисал катары келтирилди. Сабакта PowerPoint, видео, музыка жана сүрөттөр аркылуу окуучулар ырдын мазмунун терең түшүнүп, поэзияны талдоого, сезимдерин билдирүүгө жана табият менен байланыш түзүүгө үйрөнөрү көрсөтүлдү. Мындай метод экологиялык тарбияны кызыктуу жана жеткиликтүү кылып, балдардын чыгармачылык жөндөмүн, логикалык ой жүгүртүүсүн жана эстетикалык табитин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Экологиялык маданиятты калыптандыруу мектепке чейинки курактан баштап жогорку окуу жайларында да тынымсыз берилчү билим экендиги баса көрсөтүлдү. Макала мугалимдер үчүн практикалык сунуштарды да камтыйт.
##submission.citations##
Абдухамидова Б.А. ж. б. А13 Адабий окуу: 3-класс үчүн окуу китеби. – Б.: Полиграфбумресурсы, 2014. ‒ 184
Абдыкадырова, Г. Ж. (2019). Башталгыч класстарда экологиялык тарбия берүүнүн жолдору. — Бишкек: Билим басмасы.
Иманалиева, К. (2018). Мектеп жашындагы балдарга экологиялык билим берүү. — Бишкек: “Педагогика” басмасы.
Заилова, Ж. Ж. Башталгыч класстын окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоо жана сабактарда колдонулуучу педагогикалык оюндар / Ж. Ж. Заилова // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. – 2023. – No. 6. – P. 264-267. – DOI 10.26104/NNTIK.2023.29.68.058. – EDN QJPGAJ.
Даминова, И. Этномаданий баалуулуктар - элдик тарбиялоонун булагы катары / И. Даминова // Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А. Мырсабекова. – 2023. – No. 2(22). – P. 12-16. – EDN MTYSUW.
##submission.downloads##
жарыяланган
##submission.howToCite##
Чыгаруу
Бөлүм
##submission.license##
##submission.copyrightStatement##
##submission.license.cc.by4.footer##This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





