ОШ АЯЛДАР ПЕДАГОГИКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫНЫН УЛУУ АТА-МЕКЕНДИК СОГУШ ЖЫЛДАРЫНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕДЖМЕНТИНИН ТАРЫХЫ
##semicolon##
https://doi.org/10.56122/..v1i2.441##semicolon##
Учур көйгөйлөрү, таалим-тарбия берүү, тарыхий баракчалар, окуу-тарбия ишин уюштуруу (менеджмент), окуу жайдын тажрыйбасы.Аннотация
Акыркы жылдары Эгемендүү Кыргызстанда жаштарга таалим-тарбия берүү маселеси актуалдуу көйгөйлөрдүн бири катары болууда. Андыктан, ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров "Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер" унгужол жөнүндө Жарлыкты жарыялаган. Учурда жаштарга таалим-тарбия берүү системасын жакшыртуу үчүн заманбап жана тарыхий тажрыйбалар каралууда. Ошондуктан, мисал катары бул макалада Ош аялдар педагогикалык окуу жайынын (учурда А.Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин) Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарындагы жаштарга таалим-тарбия берүү системасынын менеджменти менен тааныштыруу каралган. Согуш жылдарындагы окуу жайдын билим жана тарбия берүү ишмердүүлүгү тарыхий булактар аркылуу анализденген. Маалыматтарды анализдөөдө изилдөөнүн аналитикалык методдорун колдонуу аркылуу маалыматтарды системалуу талдоо жана татаал процесстердеги мыйзам ченемдүүлүктөрдү, тенденцияларды аныктоо менен себеп - натыйжа байланыштары аныкталган. Аналитикалык изилдөөнүн натыйжасында объект изилденип, тыянак чыгарылып, сунуштар берилген.
##submission.citations##
Алимбеков А. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы. –Бишкек: Окуу китеби, 2020. – 124 б.
Валиев А.В., Иманбердиев Д.Ч., Мадраимов С.М. Ош шаарынын эл агартуу тарыхынан үзүндүлөр жана эл агратуу ишине салым кошкон инсандар. Ош, 2002. – 62б.
Даниярова К.Б. Базаркул Данияров – биринчи мугалим. -Бишкек: Учкун, 2007. – 392б.
Зима А.Г., Каракеев С.К., Керимбаев С.К., Орозалиев К.К., Табышалиев С.Т., Шерстобитов В.П. Кыргыз ССРинин тарыхы. –Фрунзе: Кыргызстан, 1973. – 776б.
Измайлов А.Э. Кыргызстандын советтик мектептеринин тарыхы (1917-1957). –Фрунзе, 1961. 418б.
II. Интернет иш-кагаздары
Молотов В.М. атындагы Ростов мамлекеттик университетин иштери жөнүндө. Эмгекчилердин депутаттарынын Ош облустук кеңешинин аткаруу комитетинин жана Кыргызстандын большевиктеринин коммунистик партиясынын Ош областык комитетинин №346/1 токтому (Жашыруун. 7.02.1944) негизинде Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумуна кайрылуу. Коомдук-саясый партиянын Түштүк региондор аралык мамлекеттик архивинин материалдары. https://ehoosha.com/?module=articles&action=view&id=1023 Кайрылуу датасы: 07.11.2016
Ростов мамлекеттик университети Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында илимий базаны кантип сактап калган. - Ростов-на-Дону: ЮФУ, 2023. https://vk.com/@sfedu_official
Сафонова М. Адамга ыйман менен жашаган өмүр. / РФ Ош шаарындагы башкы консулдугунун маалымат кабарчысы. https://dipkurier.narod.ru/dip45/valiev.htm.
Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Унгужолу жөнүндө. КР ПЖ №369. 18.12.2024 ж. - 22 б. https://online.toktom.kg
Харламова-Унгефухт Н.К., Моисеева С.М. Сабатсыздыкты жок кылуудан - билим берүү чокуларына чейин. ОГПИнин калыптанышынын тарыхый экскурсиясы. “Кут билим” коомдук гезити. 13.03.2015. https://kutbilim.kg/ru/news/inner/ot-likbeza-k-vershinam-obrazovaniya-ru Кайрылуу датасы: 25.03.2019. Архивдештирилген: 25.03.2019
##submission.downloads##
жарыяланган
##submission.versions##
- ##submission.versionIdentity##
- ##submission.versionIdentity##
##submission.howToCite##
Чыгаруу
Бөлүм
##submission.license##
##submission.copyrightStatement##
##submission.license.cc.by4.footer##This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





