3–5 ЖАШТАГЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН СОЦИАЛДЫК-ТУРМУШТУК КӨНДҮМДӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ОЮН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫНЫН РОЛУ
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.56122/..v2i2.509Ключевые слова:
Адабий окуу предмети, мазмундук багыттар, окутуунун технологиялары, чыгармачылык компетенттүүлүк,окурмандык компетенттүүлүкАннотация
Бул макалада 3–5 жаштагы мектепке чейинки балдардын социалдык жана турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүүдө оюн технологияларынын орду жана таасир механизми кеңири иликтенди. Бул мезгилде бала социалдык чөйрөгө активдүү аралашып, өзүнүн жүрүм-турумун жөнгө салууну, башкалар менен баарлашууну, өз оюн айтууну, эрежелерди сактоону жана турмуштук аракеттерди өздөштүрө баштай тургандыгы далилденди.. Изилдөө учурунда сюжеттик-ролдуу, дидактикалык жана турмуштук көндүмдөргө багытталган оюндар балдардын баарлашуу маданиятын, кызматташуу жөндөмүн, өз алдынча аракеттенүүсүн, эмоционалдык туруктуулугун жана элементардык турмуштук көндүмдөрүн калыптандырууда өзгөчө натыйжалуу экени практика жүзүндө далилденди. Оюн чөйрөсүнүн туура уюштурулушу, атрибуттардын жеткиликтүүлүгү, тарбиячынын фасилитатордук ролу жана ата-энелер менен болгон өз ара кызматташтык баланын гармониялуу өнүгүүсүнүн негизги шарттары катары аныкталды. Изилдөөнүн жыйынтыктары оюн технологиялары мектепке чейинки билим берүүдө баланын социалдык адаптациясын күчөтүүчү, турмуштук тажрыйбасын байытуучу жана инсандык сапаттарын калыптандыруучу негизги педагогикалык метод экенин көрсөттү.
Библиографические ссылки
Абдылдаева Ж., Мамасалиев К. Мектепке чейинки педагогиканын негиздери. – Бишкек: Билим, 2018.
Билим берүү жана илим министрлиги. Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты. – Бишкек, 2019.
Выготский Л. С. Воображение и творчество в детском возрасте. – Москва: Просвещение, 1991.
Выготский Л. С. Игра и её роль в психическом развитии ребёнка. – М.: Педагогика, 1984.
Дж.С. Барсанаева., Дж.Э. Дунганова. Оюн ишмердүүлүгү жана социалдык көндүмдөр. Өзгөчө муктаждыгы бар балдарды массалык бала бакчаларга киргизүү боюнча тарбиячылар үчүн методикалык колдонмо. Бишкек -2011
Мамашерип кызы , Н. (2025). ПЕДАГОГИЧЕСКИЕ УСЛОВИЯ ФОРМИРОВАНИЯ ЖИЗНЕННЫХ НАВЫКОВ У ДЕТЕЙ 3–5 ЛЕТ (НА ПРИМЕРЕ КЫРГЫЗСТАНА И ЗАРУБЕЖНЫХ СТРАН). Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 1(2), 140–145. https://doi.org/10.56122/.v1i2.460
Монтессори М. Помоги мне сделать это самому. – Москва: Росмэн, 2010.
Мурзаканова, Г. (2025). МЕЛКАЯ МОТОРИКА ДЕТЕЙ — КАК СРЕДСТВО РАЗВИТИЯ РЕЧИ (В СИСТЕМЕ М. МОНТЕССОРИ). Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А.Мырсабекова, 1(2), 129–134. https://doi.org/10.56122/.v1i2.434
Садыкова Р. Мектепке чейинки мекемелерде оюн технологияларын колдонуу. – Ош: Жамият басмасы, 2021.
Опубликован
Как цитировать
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2026 А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Всемирная.
This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





