Башталгыч класста көбөйтүү жана бөлүү амалдарын окутууда электрондук платформаларды колдонуу методикасы

Авторлор

  • Ташматова Вилюра Абдиллакимовна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Кулназарова Арина Кулназаровна А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Кылычбек кызы Айзат А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

##semicolon##

https://doi.org/10.56122/..v2i2%20(26).444

##semicolon##

санарип, математика, платформа, көбөйтүү, бөлүү, электрондук.

Аннотация

Азыркы учурда билим берүү системасында  санариптик технологиялардын ролу күндөн күнгө өсүп жатат.  Айрыкча башталгыч класстарда математиканы окутууда электрондук платформалар  окутуунун сапатын арттыруунун, окуучулардын кызыгуусун жогорулатуунун жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн негизги каражаттарынын бири болуп калды. Бул багыттагы методикалык изилдөөлөр мугалимдер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, окутуунун натыйжалуулугун камсыздоодо маанилүү орунду ээлейт.        

           Бул макалада негизинен башталгыч класста көбөйтүү жана бөлүү амалдарын окутууда электрондук платформаларды колдонуу ыкмалары каралган. Башталгыч класстын окуучуларын окутууда өтө кылдаттык менен мамиле жасалат. Алардын жаш өзгөчөлүгү, теманы түшүндүрүүдө канчалык деңгээлде кандай кабыл алышы, ошондой эле андан ары өздөрүштүрүп кете алышы ж.б. эске алынышы керек.  Көбөйтүү жана бөлүү амалдарын түшүндүрүү боюнча И. Б. Бекбоев “Математиканы окутуу 1-4-класс” аталыштагы методикалык колдонмосунда көрсөтмө берилген, ошондой эле  башталгыч класстардын мугалимдери үчүн  USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору даярдаган методикалык китепте дагы абдан жакшы көрсөтмө берилген. Ал эми электрондук платформаларды жаңы теманы түшүндүрүүдө, бышыктоодо, практикалык иштерде, кайталоодо, окуучунун билимин баалоодо  колдонууга болот. Мугалим сабактын мазмунуна жана максатына жараша  ылайыктуу учурду өз алдынча аныктайт.

##submission.citations##

Бекбоев И. Б. Математиканы окутуу 1-4-класс [Текст] / Бекбоев И. Б , Аттокурова Ч. А. – Бишкек, 2016 – 188 б

Аликова А. М. Башталгыч класстардын мугалимдери үчүн USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору [Текст] /

Аликова А. М., Керимканова Ү. А., Суржик Л. С., Храмцова А. Н., Ситабхан Я. (Математика боюнча 1-5-модулдар) – Бишкек, 2021 – 330 б.

Бантова М. А. Методика преподования математики в начальных классах [Текст] / Бантова М. А, Бельтюкова Г. В, Полевщикова А. М. –Москва, 1976. – 333 с

Моро М. И. Математиканы 2-класста окутуу (которгон Чоюбек Кушчубеков) [Текст] / Бантова М. А – Фрунзе, 1986. – 172б

https://toytheater.com/category/math-games/

https://chikipooki.com/ru

https://ilim.oshmpu.kg/index.php/01/article/view/334/227

жарыяланган

2025-11-11

##submission.howToCite##

Ташматова , В., Кулназарова, А., & Кылычбек кызы , А. (2025). Башталгыч класста көбөйтүү жана бөлүү амалдарын окутууда электрондук платформаларды колдонуу методикасы. А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысы, 2(2 (26), 113–119. https://doi.org/10.56122/.v2i2 (26).444

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##