12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ШАРТЫНДА БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН ОКУТУУНУН МААНИЛҮҮЛҮГҮ
##semicolon##
https://doi.org/10.56122/..v1i2.417##semicolon##
билим берүү, мыйзам, интеграция, функционалдуулук сабаттуулук, критикалык ой жүгүртүү, өнүктүрүү.Аннотация
Бул макалада дүйнөдө билим берүү системасы күн сайын жаңырып, жаңы тенденцияларга жол ачылып, эмгек рыногуна суроо-талап өзгөрүүдө, мына ошого байланыштуу башталгыч мектептерде интеграцияланган сабактардын артыкчылыктары каралат. Ошондуктан 12 жылдык окутууга өтүү дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинин негизги тенденцияларынын бири болуп саналат. Бул трансформация салттуу окутуу процесстерин уюштуруудагы мамилелерди кайра карап чыгууну жана XXI кылымдын чакырыктарына даяр бүтүрүүчүлөрдү сапаттуу даярдай ала турган жаңы педагогикалык стратегияларды издөөнү талап кылат. Интеграцияланган окутуу бул контекстте салттуу предметтик окутуунун бөлүнмөлүүлүгүн жеңип, окуучуларда дүйнөнүн бүтүндүү картинасын калыптандырууга шарт түзгөн инновациялык ыкма катары өзгөчө мааниге ээ. Бул көйгөйдү изилдөөнүн актуалдуулугу 12 жылдык мектеп алкагында интеграцияланган билим берүү программаларын теориялык негиздөөнүн жана практикалык жүзөгө ашыруунун зарылчылыгына байланыштуу. Заманбап эмгек рыногу бүтүрүүчүлөрдөн өзүнчө тармактар боюнча терең билим гана эмес, ошондой эле тармактар аралык ой жүгүртүү жөндөмүн, системалуу талдоо жана комплекстүү маселелерди чечүү жөндөмүн талап кылууда. Интеграцияланган окутуу дал ушундай компетенцияларды калыптандырууга шарт түзөт, ошондуктан билим берүү системасын модернизациялоо шартында аны изилдөө өтө актуалдуу
##submission.citations##
Безрукова, В.С. Интеграционные процессы в педагогической теории и практике / В.С. Безрукова. – М.: Педагогика, 2019. – 276 с.
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамы
Мендибаева Н.М. (2024) БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН САБАКТАР ОКУУЧУЛАРДЫ АР ТАРАПТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАНА ТААНЫП БИЛҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН АКТИВДЕШТИРҮҮНҮН ЖОЛУ КАТАРЫ https://ilim.oshmpu.kg/
Мугалим илимий-педагогикалык журналы 2024 (48-49) Апрель-сентябрь
Токтом. 2024-жыл 30-октябрь, № 654 Кыргыз Республикасында оп эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын бекитүү жөнүндө. https://edu.gov.kg/static/pdf/postanovlenie_654_30.10.2024.pdf
Токтомаметов А., 12 жылдык билим берүү менен «Алтын казык» программасынын зарылдыгы канчалык. Мугалим илимий-педагогикалык журналы 2024 (48-49) Апрель-сентябрь
Электрондук ресурс:
##submission.downloads##
жарыяланган
##submission.howToCite##
Чыгаруу
Бөлүм
##submission.license##
##submission.copyrightStatement##
##submission.license.cc.by4.footer##This work is licensed under the Creative Commons Attribution 4.0 International License. To view a copy of this license, visit http://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ or send a letter to Creative Commons, PO Box 1866, Mountain View, CA 94042, USA.





